Мас айдоочу тебелеп кеткен аял киши каза болду

0
1161

Бүгүн эртең менен саат 08:45 чамасында, оң рульдуу Субару-Форостер унаасы Бишкек шаарынын Чүй менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен Опель-Астра унаасын сүзүп эбегейсиз материалдык чыгым келтирген, жоопкерчиликтен качуу максатында окуя болгон жерден качып кетип бара жатып Исанов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен, жөө өтмөктөн 25-30 жаштагы кыз кишини сүзүп кеткен жана Боконбаев менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен жолдун жээгиндеги электр мамысын сүзүп токтогон.

Учурда жөө жүргүнчү ооруканада көз жумду.

Айдоочусун текшерүү учурунда Бишкек шаарынын тургуну 27 жаштагы В.Т., алкоголдук ичимдик ичип алгандыгы аныкталды. Унаасы айып аянтчага токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.