“Манас” аба майданы популярдуу болуп жатканын Казакстандын алдыңкы аэропорту билдирди

“Алматы эл аралык аэропортунун” президенти Эр Тунга пандемия учурунда Бишкектеги “Манас” аэропортунун популярдуулугунун жогорулашына байланыштуу кырдаалга токтолду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

“Бишкектеги аэропорттун популярдуулугу пандемия маалында башталган. Башка мамлекеттер кыймылга чектөө киргизгенде, Бишкек андай кылган эмес. Ошон үчүн эл Бишкектеги аэропорт аркылуу каттаган. Бирок, баарынан мурун аба каттамдарын карап көрүү керек. “Манас” аба майданына 80 пайыз Орусиядан каттамдар келет. Авиабилеттердин баасы эмнеге арзан экенин билбейм, аларды авиакомпаниялар коёт. Биздин аэропортко жүргүнчүлөрдү калтыруу үчүн Алматыга эл аралык авиакомпанияларды тартууну пландап жатабыз.

“Манас” аэропортундагы абал убактылуу. Кыймылга коюлган чектөөлөрдүн алынары менен элдин көпчүлүгү Алматы аркылуу каттайт”, – деген ал.

“Манас” эл аралык аэропорту Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Монголия, Иран, Орусияга жана ички каттамдарды тейлейт. Туристтердин билдиришинче, “Манас” аэропортунда көбүнчө чет өлкөлөргө авиа билеттердин баасы Казакстандын аэропортторуна караганда бир топ төмөн.