«Манас» аэропортунун акциялары 2 млн сомго сатылды

30-ноябрда “Манас” эл аралык аэропорту 3125 жөнөкөй акцияларын сатты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтына жарыяланды.

Операциянын баасы 2 миллион сомду түзүп, ар бир баалуу кагаз 640 сомго бааланды. Бүгүнкү күндө компания ар бири 700 сомдон болгон 807 жөнөкөй акцияны сунуштоодо.

Быйыл 3-кварталдын жыйынтыгы боюнча “Манас” эл аралык аэропорту ААКнын баалуу кагаздарын кармоочулардын саны 2 миң 428 адам болгон.

Алардын 2409у жеке адамдар. Алар бардык акциялардын 9,21%на ээлик кылат.

Ал эми 90,78%ы 19 юридикалык жактарга таандык. Акциялардын пакетинин негизги үлүшү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна (79,05%) жана Социалдык фондго (8,46%) тиешелүү.

Компаниянын таза кирешеси отчеттук мезгилдин акырына карата 3 миллиард 361 миллион 111 миң сомду түздү.