“Ташиев силерди сөгүп кетти”: Нурбек Токтакунов менен Нурбек Сыдыгалиев кайым айтышты

Бүгүн эл өкүлдөрү Дача Су боюнча кырсыктын себептерин иликтөө боюнча комиссиянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовдун маалыматын угушту.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев сөздү комиссия мүчөсү, юрист Нурбек Токтакуновго берип, ал адегенде авиакырсык боюнча пикирин билдирип, андан соң эл өкүлдөрүнөн Башкы прокуратурага сурак бербөөнү суранды.

“Башкы прокурор сизди суракка чакырганда барбаңыз. Сизде кол тийбестик бар. Бул жакка саат 15.00гө келиңиз деп айтып, жарым саат убакыт бериңиздер. Бирок ал жакка өзүңөр барбагыла!”,-деди Н.Токтакунов.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев белгилегендей, Токтакуновсуз деле депутаттар өз укуктарын билишет

“Сиз бизге акыл үйрөтпөңүз, депутаттар сизсиз деле билет укуктарын” , – деди Сыдыгалиев.