Депутаттык комиссия Элмира Үсөнованы кызматтан алууну сунуштады

Бүгүн, 1-декабрда депутаттык комиссия Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду 705-кабинетине калтыруу боюнча депутаттык комиссия чечим кабыл алды. Ошондой эле депутаттын кабинетинен чыгаруу чечимин кабыл алган президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнованы кызматтан алууну да сунуштады.

Комиссия аны кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап, бир катар мыйзамдарды, тактап айтканда, депутаттын кол тийбестигин бузган деп тапты.

Депутат Гули Кожокулованын айтымында, депутат менен анын жардамчысы жок болгон учурда кабинеттин эшиги талкаланып, расмий документтер, дсп сыяктуу буюмдар чогултулган. Буга байланыштуу депутат Бакиров прокуратурага арыз жазган.

«Комиссиянын ишинин жүрүшүндө Бакировдон Үсөнованын кечирим суроосун кабыл алууга даярбы деген суроо берилди. Ал каршы эмес экенин айтты. Бирок кечирим сураган жок», — деди Кожокулова.

Жогорку Кеңештин ушул жылдын 23-ноябрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнүн алмашканы боюнча маселе көтөрүлгөндө Адахан Мадумаров сөз сүйлөп, түшүндүрмө берилишин талап кылды.


Ошондой эле, депутат Тазабек Икрамов башкармалыктын жетекчисинин орун басары Элмира Усенованы сынга алды жана президенттин өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып аны иштен алууну сунуштады.

«Бул жерде депутаттын макамы жөнүндөгү мыйзамда так жазылып турат. Жогорку Кеңештин депутатына тиешелүү жеке жана кызматтык турак жай, жеке жана кызматтык машинага байланыштуу документтер текшерүүгө, тинтүүгө жатпай турганы жазылып турат. Биз мыйзам чегинен чыгып кетип жатабыз. Кат бергенден кийин күтүп турушу керек эле. Биздин депутаттын бардык буюмдарын эшикке алып чыгарып койду. Алмаз Акунжанович, Элмира Усенованы жумушунан алуу боюнча мен сиздерге сунушумду берем», — деди Икрамов.

Буга чейин депутат Элвира Сурабалдиева Элмира Усенова буйрукту гана аткарып жатканын баса белгилеп, болушкан