Өмүрбек Бакиров Баткендин тургундары Тажикстан менен чек араны азырынча ачпоону суранып жатышканын билдирди

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров Баткендин тургундары Тажикстан менен чек араны азырынча ачпоону суранып жатышканын билдирди.

Анын айтымында, ага Баткен районунун тургундары кайрылышкан. Алар ЖМКлардан Тажикстан менен чек ара жакынкы арада ачылат деген билдирүүнү окушкан. Эл буга нааразылыгын билдиришүүдө.

“Жакында кыргыз-тажик чек арасы ачылып калышы мүмкүн экенин окушкан. Азыр чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча комиссия иштеп жатат. Тургундар ар бир чакырым боюнча маселе чечилмейинче чек араны ачпоону суранышууда. Мен министрлер кабинетинен ушуну äске алуусун суранам”, – деди парламентарий.

Эске салсак, 2021-жылдын май айында министрлер кабинети Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирип-чыгуусуна жана транзиттик өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизген. Буга чек арадагы кырдаал себеп болгон.

Учурда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери уланууда. Кыргызстан менен Тажикстандын 972 чакырым чек ара сызыгы бар, анын 375 чакырымдайы дал келбей турат – булар бир нече ондогон талаштуу участоктор. Садыр Жапаров бул маселе жаңы жылга чейин чечилерин билдирген.