УТРКнын башкы директору алмашты

Кайрат Иманалиев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорлугунан бошотулду. Ал эми бул кызматка Болотбек Тиллебаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйруктарга Садыр Жапаров кол койду.

2022-жылдын 7-июнунан тарта УТРКны жетектеп келген Кайрат Иманалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулганы көрсөтүлгөн.