Төрага Шакиев трансгендерлер менен күрөшүү керектигин билдирди

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 9-мартта өткөрүлгөн жыйында бейөкмөт уюмдардын (НПО) жаштарды туура эмес жолго багыттап жатканын билдирди.

Буга чейин депутат Жылдыз Садырбаева мамлекеттик гранттык каражаттардын каякка жөнөтүлгөнүн жана аларды кантип бөлүштүрүү керектигин көзөмөлдөөгө тийиш экенин айткан. Ошондой эле ал туберкулез, ВИЧ/СПИД менен күрөшүү боюнча комиссияны таркатуу зарыл деген ойду билдирди.

“Бул комиссияда мамлекеттик сектордон 5 гана адам бар, Өкмөттүк эмес уюмдардан жана эл аралык уюмдардан 14 адам бар.

Бейөкмөт уюмдар биздин жаштарды кайсы жакка багыттап жатат? Аларды ким каржылап жатат? Азыр кеп трансгендер тууралуу сөз болуп жатат. Келечегибиз кандай болот. Учурда буга болгон тенденция күчөп бара жатат”, – деди төрага.