Өмүрбек Бакировго 6-кабаттан иш бөлмө берилди

Өмүрбек Бакировго 6-кабаттан иш бөлмө берилди. Бул тууралуу депутат Өмүрбек Бакиров өзү айтты. Анын айтымында Жогорку Кеңештин депутаттары 7-кабатка фракциянын лидерлери, вице-спикерлери отура турган кылып, токтом чыгарышкан. Ошонун негизинде ага иш бөлмө 6-кабаттан берилди.

Былтыр, ал УКМК төрагасы менен парламентте кайым айтыша кетип, иш бөлмөсүнөн кол жууган.