Талас ОИИБдин ​ ардагерлер кеңеши эң мыкты деп табылды

Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

“3-февраль күнү болуп өткөн ИИМдин коллегиясында​ жыл мыктылары аныкталган. Анда Кыргыз Республикасынын ИИОнун облустары боюнча «Эң мыкты Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүсү болуп ​ Талас облустук ИИБдин ардагерлер кеңеши таанылган”, – деп айтылат маалыматта. ​

Ал эми бүгүн 9-февраль күнү башкармалыктын жыйындар залында жетекчиликтин, шаар райондордун жетектөөчү курамынын жана ​ ардагерлердин ​ катышуусунда​ Кыргыз Республикасынын ИИОнун ​ 2022-жылы аткарган ​ ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери боюнча ​ атайын даярдалган видео тасмалар коюлду.Андагы маанилүү буйруктар жеткирилип, жеңүүчүлөргө вымпел, диплом жана акчалай сыйлыктар Талас облустук ИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Күлчоро Жамангараевге тапшырылды.Талас ОИИБдин начальнигинин​ орун басарынын милдетин ​ убактылуу аткаруучу милициянын полковниги Азамат Токтоналиев сөз сүйлөп,​ ички иштер органдарында ​ ​ Ардагерлер уюмдарынын өзгөчө​ ролун ​ белгиледи. Милиция кызматкерлеринин жаңы муунун тарбиялоодо, аларды Мекенди сүйүүгө, коюлган милдеттерин жоопкерчиликтүү ​ ​ аткарууга үндөөдө салымдарын кошуп жатканын айтты. Кезеги менен ардагерлер дагы өздөрүнүн ойлорун айтып, коопсуздук үчүн жана милициянын өсүп өнүгүүсүнө болгон күчтөрүн ​ ​ аябастыгын билдиришти.

WhatsApp Image 2023 02 09 at 14.33.37 1 Талас ОИИБдин ​ ардагерлер кеңеши эң мыкты деп табылды
WhatsApp Image 2023 02 09 at 14.33.37 Талас ОИИБдин ​ ардагерлер кеңеши эң мыкты деп табылды
WhatsApp Image 2023 02 09 at 14.33.36 1 Талас ОИИБдин ​ ардагерлер кеңеши эң мыкты деп табылды