Блогер Мирланбек Маратбек уулу суракка чакырылды

Бишкекте блогер Мирланбек Маратбек уулу суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

Блогердин билдирүүсү сурактын кайсы кылмыш ишине байланыштуу экенин билбестигин көрсөтүп турат. Мирланбек Маратбек уулу Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына чакырылган.

Эске сала кетсек, буга чейин журналист Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылган.

image DK0oSCz Блогер Мирланбек Маратбек уулу суракка чакырылды