Садыр Жапаров Түркиянын элчилигинин көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-февралда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине барып, жер титирөөлөрдүн кесепетинен көп сандаган курмандыктарга байланыштуу түрк элине көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы көңүл айтуу китебине жазуу калтырып, анда Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан боордош түрк элине көңүл айтып, колдоосун билдирди.

Кыргыз Республикасы, табияттын татаал кырсыгына кабылып, башына каран түн түшүп турган боордош Түркия элинин кайгысын тең бөлүшөт, деп белгиледи.

dos 4751 Садыр Жапаров Түркиянын элчилигинин көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

«Бүгүнкү күндө жер силкинүүдөн сандаган имараттар кыйрап, анын курмандыгына айланган миңдеген түрк боордоштору үчүн жамы кыргыз журтунун жүрөгү сыздап турат. Сиздердин кайгыңыздар – биздин да кайгыбыз!

Биздин жүрөгүбүздө түрк элинин, Түркиянын орду чоң. Кыргыз эли, ата-бабаларыбыздан салт болуп келаткандай, тарыхы менен тамыры бир түрк эли үчүн, башыңыздарга кандай күн түшпөсүн, жөлөк-таяк, арка-бел болууга ар дайым даяр.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман каза болгон боордошторубуздун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жер титирөөдөн жараат алгандардын тез арада сакайып кетишин тилеймин!» — деп жазды Президент Садыр Жапаров.

dos 4728 Садыр Жапаров Түркиянын элчилигинин көңүл айтуу китебине жазуу калтырды