Москвада жапырт мушташка катышкандар депортацияланат

Москвада жапырт мушташка катышкан деген шек менен 41 тажикстандык жана 85 өзбекстандык эмгек мигранты кармалды. Алардын 20сы Орусиядан депортацияланат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 1-апрелде Москвадагы компаниялардын биринин эки кызматкеринин ортосунда чыр чыккан. Кийин ага башка жумушчулар да кошулуп, жапырт мушташка айланган.

“Агенттиктин Москвадагы кеңсеси Өзбекстандын элчилиги менен биргеликте бул маселени тиешелүү органдар аркылуу чечүү боюнча кадамдарды жасап жатат”, – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Москвадагы “Сердце Столицы” курулуш аянтында мигранттардын жапырт мушташы болуп, полиция 125 кишини кармап кеткени тууралуу маалымат тараган.

Орусияда мигранттар арасында ушул сыяктуу мушташтар буга чейин да катталган. Быйыл марттын башында Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы Благовещенск шаарында эмгек мигранттары мушташты деген видео тараган. Чырга катышкандар Тажикстандан жана Кыргызстандан барган мигранттар экени аныкталган.

2021-жылы июлда Москва шаарынын “Кузьминки” метросунун жанында кыргызстандыктар тажикстандык жарандар менен мушташкан. Маалыматтарда мушташка 200дөй адам катышканы, кийин 100дөй адам кармалып, алардын 40 чактысы камакка алынганы кабарланган.