“Мас болчу”: жумушчу бригадирдин мойнуна бычак сайып кармалды

Чүйдө жаранга бычак сайган шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-майда Ысык-Ата райондук милициясына 53 жаштагы С.Б. аттуу жаран бычактан жараат алып, ооруканага түшкөнү тууралуу кабарланган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Текшерүү учурунда аныкталгандай, жабырлануучу С.Б. бригадир болуп башында турган жумушчулар Котовский айылындагы үйдө пайдубал куюп жатышкан. 19-майда 46 жаштагы И.Т. аттуу жумушчу ишке түштөн кийин мас болуп келген. Бригадир ага эскертүү берип, экөөнүн ортосунда кайым айтыш чыккан. Уруш учрунда И.Т. аттуу жумушчу бригадирдин моюн жагына бычак сайып жиберген.

Шектүү катары 46 жаштагы И.Т. аттуу жаран кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.

whatsapp image 2023 05 22 at 11 11 39 "Мас болчу": жумушчу бригадирдин мойнуна бычак сайып кармалды