Бишкекте Mercedes-Benz Sprinter менен Hyundai Sonata унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Бүгүн, 22-майда Бишкекте Mercedes-Benz Sprinter менен Hyundai Sonata унааларынын катышуусунда жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык Тыналев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 12:40та болгон. №135 каттамдын (Mercedes-Benz Sprinter) унаасы Масалиев көчөсү менен батыштан чыгышты көздөй жатып, солго кайрылып жатканда, аны Hyundai Sonata унаасы сүзгөн. Анын айынан кичи автобуста келе жаткан үч жүргүнчү жана Hyundai Sonata унаасынын айдоочусу жабыркаган.

Окуянын күбөлөрү билдиргендей, эки унаа кагылышканда Mercedes-Benz Sprinter унаасында келе жаткан үч жүргүнчү терезеден сыртка ыргып кеткен.

whatsapp image 2023 05 22 at 13 54 38 1 1080x630 1 Бишкекте Mercedes-Benz Sprinter менен Hyundai Sonata унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды
whatsapp image 2023 05 22 at 13 54 38 Бишкекте Mercedes-Benz Sprinter менен Hyundai Sonata унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды