Сузакта окуучулар мектепте эмес, көмүскө медреселерде билим алып жүрүшкөн

Жалал-Абаддын Сузак районунда көмүскө иштеген эки медресе аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, аталган медреселер Тотуя айылында 2022-жылдын аягында ачылып, бири эркек, экинчиси аялдар үчүн болгон. Эки медресенин тең уруксат документтери болгон эмес.

«Эркектер медресесинде 25тен ашык бала (9 жаштан 18 жашка чейин) окуган. Алар медреседе жашап, мектепке барышкан эмес. Медреседе сабактар күн сайын 08:00дөн 17:00гө чейин өткөрүлүп турган.

Аялдар медресесинде жергиликтүү тургундардан 40ка жакын аял жана 10 бала окуган. Сабактар дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин саат 09:00дөн 16:00гө чейин өтүп, жашы жете элек кыздар да орто мектептерге барышкан эмес», — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, медреселерде диний сабактарды өткөн адамдардын диний билими болгон эмес жана Куран окуу жана хадистерди үйрөтүүдө алар негизинен муфтият тарабынан текшерүүдөн өтпөгөн китептерди колдонгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен эки медресеге 5,5 миң сомдон айып салынып, иши токтотулган.