ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилиги өздүк курам үчүн “марш бросок” өткөрдү

Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 20-майында ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов өздүк курамдын атайын кызматтык деңгээлин жакшыртуу жана физикалык даярдыгын, марш ыргытуу жөндөмүн текшерүү максатында саптык кароо жана марш бросок өткөрдү.
“Саптык кароодо кызматкерлердин сырткы келбетин, алардын форма кийүү эрежелерин сакташын, экипировкаларын жана кесиптик даярдыгын текшерди.
Жыйынтыгында ИИМдин Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрүнүн жетекчилигине кызматтык күжүрмөн даярдыктар боюнча кошумча тапшырмалар берилди.
Мындан сырткары, граната ыргытуу, гиря көтөрүү, денесин түртүп көтөрүү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Ошондой эле, өздүк курамдан күжүрмөн самбо боюнча сынак алынды. Иш-чаранын жыйынтыгында мыкты кызматкерлер аныкталды”
, – деп айтылат маалыматта.

1fb49825 7903 40e1 84d2 9a042cf8e3fa ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилиги өздүк курам үчүн "марш бросок" өткөрдү
241ffe30 37f5 4458 8e97 e14783325fff ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилиги өздүк курам үчүн "марш бросок" өткөрдү
06d6e6ad 3e32 4791 8baa efc7d553280c ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилиги өздүк курам үчүн "марш бросок" өткөрдү
1e55d154 ed08 4c7b abe5 ace7bae30c20 ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилиги өздүк курам үчүн "марш бросок" өткөрдү