Атай Бейшенбек айып изоляторунан чыгарылды

Атай Бейшенбек айып изоляторунан 21-майда чыгарылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.

Буга чейин Бейшенбек айып изоляторуна камалганы үчүн абак жетекчилигин күнөөлөгөн.

Атай Бейшенбек айып изоляторуна киргизилгенин ЖАК 18-майда маалымдап, муну пландуу тинтүү иш-чаралары учурунда анын жанынан уюлдук телефон табылганы менен түшүндүргөн.

Көп өтпөй Кемпир-Абад иши боюнча абакта олтургандардын бир нечеси ачкачылык жарыялаганын кабарлашкан. Кыйноолорду алдын алуу борбордун жетекчиси Бакыт Рысбековдун айтымында беш киши ачкачылык кармоону улантып жатат. Рысбеков кошумчалагандай, алар тамак-аштан баш тартып, суу ичип жатышат.

Белгилей кетсек, Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектин тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан.

Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.