8-марттан баштап мас абалында унаа башкаргандардын саны 41 пайызга азайды

Бул тууралуу ИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагында 8-марттан тартып, бүгүнкү 16 күн ичинде мас абалында унаа башкарган 423 айдоочу аныкталган. Ал эми өткөн жылдын ушул эле убактысында 800 мас айдоочу аныкталган. Демек, мас абалында унаа башкарган айдоочулардын саны 41 пайызга азайган.
“Анын себеби, мурда мас айдоочулар 17 500 сом гана айып төлөп кутулушса, жаңы катаалдашкан шартка ылайык, мас айдоочулар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Ал эми жаза чарасы бүткөндөн кийин, экинчи ирет мас абалында унаа башкарган учурунда, унаасын токтотуп кою менен үч жылдык мөөнөткө айдоо укугунан ажыратулуусу себеп болууда”, – деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда одоно жол эрежелеринин бардык түрү азайууда.