Милиция Чоң-Алай районунда сел жүргөн учурда жергиликтүү тургундарга жардам берди

Ички иштер органдарынын кызматкерлери Чоң-Алай районунда сел жүргөн учурда жергиликтүү тургундарга жардам беришти.
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун 2022-жылга даярдык мерчемине ылайык, 2022-жылдын 16-17-март күндөрү, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргоонун башчысы болгон Президенттин көрсөтмөсүнө ылайык, Ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте “Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын аракеттери” аталыштагы машыгуу Ош облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын ӨКМдин облустук, райондук жана Жарандык коргонуу кызматтарынын катышуусунда штабдык жана практикалык машыгуулар өткөрүлдү.

WhatsApp Image 2022 03 18 at 12.44.44 2 Милиция Чоң-Алай районунда сел жүргөн учурда жергиликтүү тургундарга жардам берди


2022-жылдын 17-мартында машыгуу жүрүп жаткан учурда, чынында жаратылыш учуру жүз берип (сел жүрүп), Чоң-Алай районунун Жар-Башы айылында кокту-колоттордон түшкөн суулар, суу ташкынын пайда кылып, жашоочулардын турак жайларына коркунуч келтирген. Жаратылыш кырсыгыгынан турак жайлар зыянга учурабас үчүн Ошол учурда машыгууга катышкан Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундарга жардам берилди.

WhatsApp Image 2022 03 18 at 12.44.44 Милиция Чоң-Алай районунда сел жүргөн учурда жергиликтүү тургундарга жардам берди


Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы