Алмаз Сманбеков Түркиядагы эл аралык турниринде алтын медаль утту

Кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков Түркиядагы Yasar Dogu эл аралык турниринин эркин күрөш мелдешинде алтын медаль утту.

Сманбеков финалда грузиялык Бека Буджиашвили менен кез келген. Бирок атаандашы килемге чыкканда жаракат алганын билдирип, буга байланыштуу жеңиш автоматтык түрдө кыргызстандыкка ыйгарылган.

Кошумчалай кетсек, аталган турнирде Айпери Медет кызы 76 кг салмакта алтын, Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта күмүш байгеге алган. Спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өттү.