“Муртазалиевдин туугандары добуш сатып алуу фактысы менен кармалган”, – Атазов

Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болгон Шайлообек Атазов жана анын тарапташтары 27-февралда өткөн шайлоо жыйынтыгына нааразылык билдирип чыкты.

Атазовдун айтымында аталган округда ал жеңишке жеткен.

«Шайлоо таза өттү. Автоматташтырылган эсептөө системасына, сервердин иштөөсү жаман болду деген сөздөн алысмын. Бардыгы мыйзам чегинде болду. Бирок талапкер Муртазалиевдин туугандары добуш сатып алуу фактысы менен кармалган. Ага видео далилдер бар. Азыр Ички иштер министрлигинен жооп күтүп жатабыз. БШК чечим кабыл алыш керек», — дейт Атазов.