“Өзбекстанда, Казакстанда Tik Tok жок”: Шайлообек Атазов Кыргызстанда Tиk Tok социалдык тармагын жабуу талабын койду

Депутат Шайлообек Атазов Кыргызстанда Tиk Tok социалдык тармагын жабууну кайрадан талап кылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Анын айтымында, Тик Ток жаш муундун идеологиясын терс багытка бура турган жаман нерселерди көрсөтүп жатат.

“Маданият министрлигине тапшырма бергиле, иштесин, терс кесепеттерин жок кылгыла. Муну үй-бүлөңөр менен көрүү уят. Башка өлкөлөрдө, мисалы, Өзбекстанда, Казакстанда Tik Tok жок. Буга көңүл бургула”, – деди Атазов.

Белгилей кетсек, Tиk Tok Өзбекстанда 2021-жылы бөгөттөлгөн. Бирок буга Жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамдын бузулушу себеп болгон эмес: социалдык тармактар ​​республиканын аймагындагы колдонуучулар тууралуу маалыматты сактоодон баш тартышкан. Казакстанда социалдык тармакка тыюу салынган эмес.

Эске салсак, депутаттар Кыргызстанда социалдык тармактарга тыюу салуу талабын биринчи жолу коюп жаткан жок. Буга чейин бул демилгеге Надира Нарматова менен Жаныбек Кыдыкбаевдер кайрылышкан.