Кыргызстанда пиязды сыртка сатууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда пиязды чет жакка сатууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, тыюу салуу 31-январдан тартып киргизилип, үч айга созулат. Чектөө жаңы жана муздатылган пияз, пияз-шалот, көк пияз жана башка пияз сымал жашылчаларга тиешелүү.

«Токтом өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанидеги азык-түлүк продукцияларынын бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда пияз сыртка ташылып жаткандыктан, анын баасы 100 сомго чейин кымбаттай турганы айтылып жаткан. Учурда пияздын 1 килограммынын баасы 60-65 сомго жетти. Сатуучулардын айтымында, былтыр жыл аягында пияз 25-35 сомдон сатылып жаткан.