Баткенде пиязды аткезчилик жол менен экспорттоо боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюлду

      Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 31-мартында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Тажикстан Республикасынын аймагына жашылча-жемиштерди мыйзамсыз алып өтүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюлду.
      "Баткен областынын «Жаңы-Бак-Маргун-Арка» айланма унаа жолунда, жалпы салмагы болжол менен 10 500 кг болгон пияз түрүндөгү жашылча-жемиш жүктү Тажикстан Республикасынын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда, Баткен облусунун Лейлек районунун тургундарынын башкаруусундагы Кыргыз Республикасынын жарандары 1984-жылы туулган Т.А.А., 1993-жылы туулган А.Б.А. жана 1980-жылы туулган Б.Т.Т. «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү үч жүк ташуучу унаасы менен кармалышкан", - деп айтылат маалыматта. 
      Кармалган пияздын контрабандага багытталган баасы 500 миң сомдон ашык сумманы түзөт.
      Жыйынтыгында, жүк ташыган бул унаалар «Орто – Боз» чек ара заставасынын №2022 Аскер бөлүгүнүн аймагына жайгаштырылып, бул факт документтештирилди.
      Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
1fdcd759 a9c3 4472 8c00 795c22d618d5 Баткенде пиязды аткезчилик жол менен экспорттоо боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюлду
d42bbc40 288b 45c5 a3db 94ac66929a67 1 Баткенде пиязды аткезчилик жол менен экспорттоо боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюлду
WhatsApp Image 2023 04 01 at 09.25.48 Баткенде пиязды аткезчилик жол менен экспорттоо боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюлду
885c2631 d99b 4ccf a11d d8c93b5356d1 Баткенде пиязды аткезчилик жол менен экспорттоо боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюлду