Кыргызстанда бензиндин баасы 1,32%га жогорулады

Бүгүн, 28-февраль, саат 10:40ка карата Бишкек шаарындагы ири май куюучу жайлардын расмий сайттарынын маалыматы боюнча, АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы орточо эсеп менен 1,32%га жогорулады.

Бишкектеги май куюучу жайларда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 61,2 сомго (+0,8сомго, 1,32%га) көтөрүлдү. Ал эми дизель майынын орточо баасы 62,0 сомго (+6,3сомго, 0,98%га) жогоруласа, суюлтулган газ 34,7 сомго (-0,5сомго, -1,42%га) төмөндөдү.

АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин эң төмөнкү баасы 60,9 сом, жогорку октандуу АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 64,9 сом. “Газпром нефть” ишканасы АИ-98 үлгүсүндөгү бензиндин литрин 73,5 сомдон сунуштап жатат.