Дизелдин баасы 5-7 сомго арзандады

Кыргызстандагы май куюучу жайларда дизель майынын баасы түшүрүлө баштады.

Учурда май куюучу жайларда дизель майы 63,6-64 сомдон сатылууда. Айрым жерлерде баалар андан кымбатыраак. Бирок дизель майы мурдагыга караганда 5-7 сомго арзандады.

Эскерте кетсек, 5-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жолугушуп, алардан дизелдин баасын түшүрүүнү, 1 литринин баасын 63-64 сомдон коюуну талап кылган.