Камчыбек Ташиев жаңы алынган куралдар менен таанышты, – сүрөт

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Альфа» атайын кызматына барды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, 23-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын «Альфа» атайын кызматында болуп, жалпы өздүк курамды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.

Иш сапарынын жүрүшүндө, УКМКнын «Альфа» атайын кызматын УКМК төрагасы Ташиев бөлүктүн карамагына жаңыдан алынган куралдар менен да таанышып, жабдыктарды жана куралдардын күжүрмөн даярдыгын текшерди. Мындан тышкары, УКМКнын төрагасы, өлкөнүн жана ведомстволордун жетекчилиги тарабынан, бөлүктүн алдында турган күжүрмөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

img 20230223 wa0014 2 Камчыбек Ташиев жаңы алынган куралдар менен таанышты, - сүрөт
img 20230223 wa0016 1 Камчыбек Ташиев жаңы алынган куралдар менен таанышты, - сүрөт
img 20230223 wa0017 kopiya Камчыбек Ташиев жаңы алынган куралдар менен таанышты, - сүрөт
img 20230223 wa0012 1 Камчыбек Ташиев жаңы алынган куралдар менен таанышты, - сүрөт
img 20230223 wa0015 1 Камчыбек Ташиев жаңы алынган куралдар менен таанышты, - сүрөт