Жеңиш Разаковдун абактагы мөөнөтү узартылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Алдамчылыкка» шектелип кармалган мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун бөгөт чарасын карап, анын абактагы мөөнөтүн эки айга узартты.

Соттун чечимине ылайык, Разаков 24-апрелге чейин №1 тергөө абагында болот.

Ички иштер министрлиги мурдагы вице-премьерди 24-январда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү («Алдамчылык») жана 337-беренесинин 4-бөлүгү («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») боюнча айып тагылганы кабарланган.

ИИМдин маалыматына караганда, экс-депутат Арзыбек Бурканов былтыр сентябрда Разаковго чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган.

Арызда Разаков 2017-жылдын ноябрь-декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 млн. доллар алып бербей койгонун көрсөткөн.

Жеңиш Разаков 2012-2016-жылдары Баткен облусунун губернатору, андан кийин өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган.

2017-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2018-жылы президенттин кеңешчиси, 2018-2020-жылдары вице-премьер-министр болуп иштеген. 2020-жылы февралда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу деген жүйө менен кызматтан кеткенин жарыялаган.