Жеңиш Разаков дагы эки айга абакта калтырылды

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков дагы эки айга абакта калтырылды. Бул тууралуу “Кактус.медиа” өздүк булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук соту Разаковдун баш коргоо чарасын эки айга узарткан. Соттун чечимине ылайык Жеңиш Разаков 24-апрелге чейин тергөө абагында отурат.

Эске салсак, Жеңиш Разаков Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Арзыбек Буркановдун арызынын негизинде кармалган.