Президенттин катышуусунда ишембилик өтөт

Социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү максатында үстүбүздөгү жылдын 18-мартында өлкөнүн жогорку жетекчилигинин катышуусу менен республика боюнча ишембилик өткөрүлөт.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ишембилик социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү максатында жүргүзүлөт.

«Иш-чарага бардык аймактарда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери катышат», — деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага бардык аймактарда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери катышат.