Экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаковд үй камагына чыкты

Экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаковд үй камагына чыкты. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин ал СИЗО-1де камакта болчу.

Биринчи Май райондук сотунан билдиришкендей, ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз жазып, Разаков 24-июнга чейин үй камагына чыгарылган.

Эскерте кетсек ,Разаков алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен 24-январда кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, 2017-жылдын күзүндө Разаков кызмат абалынан пайдаланып, Б.Мдан ири суммадагы акча алып, бербей жүргөнү үчүн камакка алынган.

Жеңиш Разаков

Разаков буга чейин ички иштер органдарында иштеген. 2011-2012-жылдары Баткен ОИИБин жетектеп, андан соң облус башчысы да болгон.

2016-жылы ал вице-премьер болуп дайындалган. Андан соң Коопсуздук кеңешинин катчысы, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болгон. Ал эми 2018-жылы кайрадан вице-премьер кызматына кайткан — Разаков укук коргоо блогу жана чек ара маселелерин караган.

Бирок 2020-жылдын башында ал өз каалоосу менен кызматынан кеткен.