“Өзүнүн башы жок”: депутат ар бир министрликте чала сабат кадрлар отурганын айтты

Бул тууралуу 19-июнда Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет жыйынында эл өкүлү Султанбай Айжигитов экономика министрлигинин орун басарына айтты.

«Демпингге каршы алым деген эмне? Кандай учурларда пайдаланылат жана максаты эмне? Ушуну мага ким айтып бере алат? Каржы министрлиги же экономика министрлиги ким айтып берет?»,-деди депутат.

Экономика министринин орун басары Канатбек Абдрахманов бул суроого толук жооп бере албай турганын айтты.

Айжигитов суроо студенттердин деңгээлинде экендигин белгилеп, төмөндөгүлөрдү кошумчалады.

«Бул терминди ар бир 3-курстун студенти билиши керек. А сен министирликте отуруп, экономикалык саясат жасайсың. Мына деңгээли! Анан таң калабыз, башаламандык… Булар жөнөкөй нерселерди билбейт», — деди Айжигитов.

Буга кошумчалап депутат ар бир министрликте чала сабат кадрлар иштеп жаткандыгын айтып, нааразы болду.