Жаңы-Жер айылында жол кырсыгы катталды

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жол кырсыгы катталды.
Маалыматка караганда, бүгүн, 19-июнь күнү саат 13:30 чамасында Ош—Баткен— Раззаков жолунда Кадамжай районунун Миң-Чынар айлынын тургуну «Дэу Тико» үлгүсүндөгү унаасын күн батыштан чыгышты карай башкарып бара жаткан.
Жеңил автоунаа карама-каршы тилкеге чыгып, жол четиндеги тал дарагын сүзүп, суу лотогуна асылып калган.Унаанын ичинде айдоочу менен бирге жаш жигит болгон. Бактыга жараша кырсыктын кесепетинен эч ким каза болгон эмес.

1953018.ef371cd26628e1247c936095e961353b Жаңы-Жер айылында жол кырсыгы катталды