ӨКМ кар көчкү түшүү коркунучу жогору

15-марттан 19-мартка чейинки аралыкта абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кар көчкү түшүү коркунучу бар Бишкек-Ош унаа жолундагы тилкелер:

121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу);
198-260-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун: 1-14-чакырым (Өтмөк ашуусу);
Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 70-107-чакырымында;
Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымында (Ийри-Суу тилкеси), 60-94-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу);
Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-14-чакырымында;
Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50-74-86-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу);
Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу).

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы сакталыгы керектигин эскертет.

Кырсык катталган учурда «112» бирдиктүү номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.