Валентина Шевченко билим алган №9 мектеп-гимназиясына барды

UFC уюмунун жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Валентина Шевченко машыктыруучусу Павел Фетов менен чогуу күн мурун өзү аяктаган №9 мектеп-гимназиясына барды.

Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

img 20220228 wa0049 Валентина Шевченко билим алган №9 мектеп-гимназиясына барды

Маалыматка ылайык, аларды Ленин районунун акими Русланбек Тагаев, мугалимдер жана окуучулар тосуп алышкан. Аким Валентина Шевченкого муниципалдык администрациянын Ардак грамотасын тапшырды.

UFC уюмунун жеңил салмактагы дүйнө чемпиону өзүнүн мугалимдери, достору жана мектептеги кызыктуу эсте калган жаркын элестери жөнүндө айтып берген.

img 20220228 wa0041 Валентина Шевченко билим алган №9 мектеп-гимназиясына барды
img 20220228 wa0042 Валентина Шевченко билим алган №9 мектеп-гимназиясына барды
img 20220228 wa0040 Валентина Шевченко билим алган №9 мектеп-гимназиясына барды

Эскерте кетсек, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун жеңил салмактагы курун алты ирет коргогон.