UFC 285: Чемпиондук курдан ажыратылган Валентина Шевченко 800 000 доллар гонорар алды

Лас-Вегаста (АКШ) өткөн UFC 285 престиждүү ММА турниринин гонорарлары ачыкталды. Бул тууралуу орусиялык Sport24 спорт басылмасы жазып чыкты.

UFC уюмунун оор салмактагы чемпиондук куру үчүн күрөштө француз Сирил Ганды жеңген америкалык мушкер Жон Жонс беттештин аягында эң чоң гонорарды алды. Ал 7 миллион доллар тапкан – 3 миллион доллар кепилдик төлөм жана 4 миллион доллар бонустар.

Кыргызстандык Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен титулдук беттеште утулуп, бирок ошол эле учурда UFC 285ке катышканы үчүн 800 000 доллар (500 000 + 300 000) алды.

Казакстандык Шавкат Рахмонов мерикалык Джефф Нилди жеңген кечки эң мыкты беттеш үчүн 50 миң доллар тапкан. Анын жалпы акысы 171,5 миң долларды түзгөн.

Эске салсак, 4-марттан 5-мартка караган түнү Лас-Вегаста аралаш мушташ боюнча дагы бир UFC 285 турнири өтүп, кечки негизги беттештин алкагында кыргызстандык Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен беттешип, чемпиондук наамынан ажыраган.