Талант Мамытов UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алды

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин өрагасы Талант Мамытов UFC версиясындагы аралаш мушташ боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

img 20220617 wa0088 Талант Мамытов UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алды

Жолугушууга спортчунун энеси Елена Шевченко, машыктыруучусу Павел Федотов, Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр-таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жана вице-президенти Эмиль Токтогонов катышты.

Төрага Талант Мамытов Валентина Шевченкону акыркы ийгиликтери менен куттуктап, спорт аркылуу Кыргызстанды таанытып келе жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Ар бир жеңишиңиз биз үчүн сыймык. Айрыкча жаш спортчулар сизден үлгү алып, өлкөсүн даңазалоого шыктангандыгы бизди кубандырат”, – деди. Ошондой эле спортчуга төраганын энчилүү саатын тапшырды.

Муну менен катар төрага спорт чеберинин энеси Елена Шевченко менен машыктыруучусу Павел Федотовго да ийгиликтерди каалап: “Сиздер дайыма кыргыздын сыймыгы болгон кыздарыбызды ар тараптуу колдоп, алардын жеңиштерге карай умтулуусуна түрткү берип келесиздер”, – деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко чемпиондук наамын жети жолу коргоп, UFC уюмундагы кыз-келиндер арасында рекорд койгон жалгыз спортчу болуп эсептелет.

img 20220617 wa0087 Талант Мамытов UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алды
img 20220617 wa0092 Талант Мамытов UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алды