Чынара Жакыпова УКМКга сурак берип чыкты

Мурдагы билим берүү министри Чынара Жакыпова ​Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Жакыпова чакыруу кагазын алганын, маселе “Сорос Кыргызстан” фонду жайгашкан имаратты сатып алууга байланыштуу экенин билдирген.

Белгилей кетсек, коомдук ишмер, мурдагы билим берүү министри Чынара Жакыпова «Сорос Кыргызстан» фондунун алгачкы жетекчиси болгон. Ал 16-июнда УКМКга суракка чакырылган.