200 миңден ашуун жаран турак жайга муктаж, – ипотекалык компаниянын төрайымынын орун басары

Учурда 200 миңден ашуун жаран турак жайга муктаж. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымынын орун басары Тилек Жеембаев 17-июнда Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттык тобунун мүчөлөрүнун жыйынында билдирди.

Жыйында мамлекеттик турак жай курулушун ишке ашыруу боюнча Мамлекеттик ипотекалык компаниянын иши жөнүндө маселе каралды.

Тилек Жеембаевдин айтымында, өткөн жылы «Менин үйүм 2021-2026» жаңы турак жай программасы кабыл алынган.

«Бул программа эки багытта ишке ашырылып жатат: «Жеңилдетилген ипотека» бюджеттик сектордун кызматкерлерине 4% жана «Арзан ипотека» — калктын калган категорияларына 8% менен берилет. Ошондой эле, ипотекалык насыялоо мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин узартылды. Статистика боюнча учурда 200 миңден ашуун жаран турак жайга муктаж», — деди Т. Жеембаев.

Ал кошумчалагандай, Мамлекеттик ипотекалык компания ипотекалык кредиттөө секторуна финансылык ресурстарды тартуунун үстүндө иштөөдө.

«Чет элдик инвесторлордун жана эл аралык донорлордун каражаттарын, анын ичинде ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу боюнча аракеттер көрүлүп жатат», — деди ал.