Аспековду конвоирлер колу-бутунан кармап сот залынан чыгарып кетишти

Бишкек шаардык сотунда Мелис Аспековдун кылмыш иши боюнча соттук отурум өттү.

Анда Аспековдун үстүнөн арыз жазган Василий Дашков келип сурак берген. Сот отуруму өтуп жаткан учурда айыпталуучу Аспеков Дашковго бир катар суроолорду узаткан. Аспековдун «акчаны мен алдым беле» деген суроосуна, Дашков 250 мин жолларды андан Улан Жураев алганын айткан.

Сот отуруму учурунда судьялар суроо берип жаткан Мелис Аспековго эскертүү берип, тартипти сактоону айтышкан. Натыйжада судьялар отурумду токтотушкан. Ал эми Аспековду конвоирлер колу-бутунан кармап сот залынан чыгарып кетишкен.

Аспековдун жакындары анын жүрөгүнө жакында эле операция жасалганын айтышып, ден соолугу толук калыбына келе элек