Келе жаткан ишемби иш күнү болот

Келе жаткан ишемби, 11-март иш күнү болот. Маалым болгондой, быйыл жыл башында кыргызстандыктар сегиз күн катары менен эс алганда, 11-марттагы дем алыш күнү 5-январдагы иш күнүнө которулган.

Аталган тартип беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн каралган.