Ташиев капсула салды. Сузактагы Барпы айылында жаңы төрөт үйүнүн курулушу башталды

Бүгүн, 6-март күнү, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында жаңы төрөт үйүнүн курулушу башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Саамалыкка Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, капсула салды. Аземге Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Саламаттыкты сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин жергиликтүү жетекчилери жана аймактагы тургундар катышты.

Төрөт үйү 3 кабат болуп, заманбап жабдуулар жана эс алуу паркы менен камсыз болот. Аны үчүн жалпы 3 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Заман талабына жооп берген акыркы үлгүдөгү тийиштүү жабдууларды сатып алуу жана курулуш иштерин толук аягына чыгаруу үчүн 270 миллион сом каралган. Бул каражат мамлекеттик бюджеттин эсебинен эмес, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен табылганы маалымдалды:

“Курулуш иштерин президентибиз Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, толугу менен мен көзөмөлдөймүн. Аймактагы элдин муктаждыгын эске алуу менен курулуш иштери ушул жылдын декабрь айында жыйынтыкталат. Төрөт үйү үчүн керектүү болгон атайын тез жардам унааларын да камсыз кылабыз…”, – деди Камчыбек Ташиев өз сөзүндө.

Төрөт үйүнүн курулушу КРнын ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан ишке ашырылат. Имарат 75 орундуу болуп, аймактагы Барпы, Атабеков, Ырыс айыл өкмөттөрүнүн тургундары үчүн ыңгайлуу жерге курулууда.

332266349 1620734208372158 4198695838845591221 n Ташиев капсула салды. Сузактагы Барпы айылында жаңы төрөт үйүнүн курулушу башталды