«NUR TV» телеканалынын оператору сабалды

Бул тууралуу өзүнүн фейсбук баракчасына Даткабек Шабданбеков жарыялады. Аталган каналдын редактору Мээрим Абдилажанова маалыматты тастыктады.

Анын айтымында, окуя бүгүн саат 11:30дар чамасында болгон.

«Биздин кызматкерлер вице-мэр Жасур Азимовдон интервью алганы барышкан. Кабылдамада дагы башка эки киши күтүп отурган. Бейтааныш адамдар журналисттердин алардан биринчи кирип маек алуу өтүнүчүн четке кагып, кезек күтуп турган кызматкерлерибизге орой мамиле жасашкан. Оператор алардан сөгүнбөөнү суранганда ага кол көтөрүшкөн” ,-деди редактор.

WhatsApp Image 2022 02 28 at 10.07.45 «NUR TV» телеканалынын оператору сабалды

Учурда медициналык кароодон өтүп жатат, милицияга арыз жазылды. Алардын ким экени тактала элек»,-деди Абдилажанова.