Нарын ОИИБде атайын операциялар отрядынын кесиптик күнү белгиленди

Бул тууралуу Нарын ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди

2022-жылдын 26-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын түзүлгөн күнүнүн 30 жылдык мааракеси Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында белгиленди.
Иш-чарага Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков жана орун басарлары, өздүк курамы жана ИИМдин атайын багыттагы полкунун Нарын облусу боюнча атайын операциялар отрядынын өздүк курамы катышты.
Атайын операциялар отрядынын түзүлгөн күнүнө карата кызмат өтөө учурунда жетишкен ийгиликтери үчүн айрым кызматкерлерге ИИМдин медалдары жана Нарын облусунун ОИИБнин ардак грамоталары, алкыш баракчалары тапшырылды.

WhatsApp Image 2022 02 28 at 10.01.34 Нарын ОИИБде атайын операциялар отрядынын кесиптик күнү белгиленди


Атайын отряддын кызматкерлерин Нарын ОИИБнин жетекчилиги куттукташып, аталган отрядда чыныгы эр жүрөк, күжүрмөн даярдыгы жагынан күчтүү, ар бир коюлган тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарган кызматкерлер кызмат өтөшөөрүн баса белгилешип, өздүк курамдын атынан куттуктап, жоопкерчиликтүү ишинде ар дайым жетишкендиктер коштоп, көптөгөн ийгиликтерди багынта беришин каалап өтүштү.

WhatsApp Image 2022 02 28 at 10.01.34 1 Нарын ОИИБде атайын операциялар отрядынын кесиптик күнү белгиленди


Мындан тышкары майрамдык иш-чарага утурлай Нарын ОИИБнин тармак аралык кызматтар боюнча ортодо ынтамакты бекемдөө максатында волейбол оюну боюнча мелдеш уюштурулуп, оюн кызуу уланып, жыйынтыгында жеңүүчү командаларга кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

WhatsApp Image 2022 02 28 at 10.01.36 Нарын ОИИБде атайын операциялар отрядынын кесиптик күнү белгиленди
WhatsApp Image 2022 02 28 at 10.01.35 Нарын ОИИБде атайын операциялар отрядынын кесиптик күнү белгиленди