Баткендиктерге милиция ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Баткенде милиция кызматкерлери элдерге ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Баткен районунун Бужум, Кара-Бак айылдарында Баткен РИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев айыл башчылары менен биргеликте жергиликтүү тургундарга Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун кыргыз элинин каада-салттарын карманууда ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан Жарлыгын жеткирип, элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

WhatsApp Image 2022 02 28 at 09.18.22 2 1 Баткендиктерге милиция ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө


Элдер менен жолугушууда элдин социалдык жана экономикалык деңгээлин көтөрүү максатында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча түшүнүктөрдү берип, кур намыс үчүн материалдык жактан эбегейсиз чыгымдарга учурап жаткандыктары талкууланды.

WhatsApp Image 2022 02 28 at 09.18.22 1 Баткендиктерге милиция ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
ысырап,


Элет жергеси бул Жарлыкты колдоорун айтышып, “заманга жараша, шартка жараша сарамжалдуулукту, үнөмдү үйрөнгөнүбүз жакшы”- деп билдирип өтүштү.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы