Депутат жоюлган телеканалдардын кызматкерлерин жумуш менен камсыз кылууну суранды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин 5-апрелдеги жыйынында депутат Тазабек Икрамов, Пирамида жана 5-каналдар жоюлуп жатканына байланышчуу, ал жакта иштеген кызматкерлерин жумуш менен камсыз кылууну суранды.

Депутат мамлекеттик телеканалды жабуу чечимин Министрлер кабинети кабыл алганын, жумушсуз калган адистерге шарт түзүп берүү керек экенин билдирди.

“Эмгек жамаатта дээрлик 30 жыл иштегендер бар. Азыркы тапта канча деген жуналисттер ишсиз калды. Аларды иш менен камсыздасын, протоколдук тапшырма бериңиздер”,- деп өкмөткө кайрылды.

Кошумчалай кетсек, 4-апрелде Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясаты боюнча комитетинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу “5-канал” жана “Пирамида” телеканалдары банкрот болгондугуна байланыштуу жоюла турганын билдирген.