Next TV телеканалынын директору 3-июнга чейин камакта болот, – сот

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиевди 3-июнга чейин камакта калтырылды.

Мындай чечим бүгүн, 28-апрелде Дүйшөмбиевдин бөгөт чарасын кароо учурунда кабыл алынды.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Таалай Дүйшембиевди 3-мартта камаган. Ушул эле күнү телеканалга “улуттар аралык кастыкты козутту” деген берене менен кылмыш иши козголуп, телеканалдын кеңсесине мөөр басылган.

Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды тараткан деп жүйө келтирүүдө.