Кыргызстанда туризм тууралуу маалымат бере турган англис тилинде бир дагы санарип канал жок

Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча башкаруучу директору Кайрат Итибаев билдирди.

64fe37f6 1186 427f b167 d1a952a65811 Кыргызстанда туризм тууралуу маалымат бере турган англис тилинде бир дагы санарип канал жок

Анын айтымында, 30 жыл бою өлкө айрым ички иштери менен алек болуп, калган дүйнөгө эч нерсе сунуштаган жок.

«Бизге жаратылышыбызды, көчмөн маданиятыбызды ж.б.у.с. дүйнөгө жеткирүү үчүн ушундай канал керек. Азыр биз бул долбоорду түзүүнүн концепциясын карап жатабыз. Орусия, Казакстан жана Кытайда англис тилинде мындай 15 канал бар», — деп кошумчалады ал.