Бишкек шаарында бала бакчанын имаратынан өрт чыкты

Бишкек шаарында бала бакчанын имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, М.Фрунзе менен К.Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Дастан» бала бакчасынын имаратынан өрт чыккан. Учурда өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылды.

Бала бакчадагы балдар коопсуз жайга эвакуацияланды. Тилсиз жоо саат 13:42де чектөгөө алынды.  Жеринде ӨКМдин 4 өрт өчүрүү бөлүмү, ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте толук өчүрүү иштерин алып барууда.

b19d3d91 eb90 4a27 b727 ba3c61776481 Бишкек шаарында бала бакчанын имаратынан өрт чыкты